Жээнбековдун инаугурациясынын чыгымы 4,7 млн сомго кыскартылды

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн сайтынан алынды.

Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун кызматка киришүү салтанатына бюджеттен 8 млн 400 миң сом чыгымдалат. Башында салтанатка 13 млн 100 миң сом жумшоону пландап жатышкан. Инаугурация 24-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтөт.

Президенттин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, салтанатты өткөрүүнүн чыгымдарына орун жайларды жасалгалоо, транспорт кызматтарын төлөө, жабдыктарды ижарага алуу, Жээнбековдун президенттик кызматка киришүүсүнүн урматына арналган расмий адамдарды кабыл алуу, концерттик программалар, басмакана кызматтарын төлөө жана башкалар кирет.

Салтанат эртең мененки саат 10:00дө башталат. Инаугурацияга жалпысынан 450 адам чакырылган. Бийликтегилер инаугурацияга башка өлкөлөрдүн башчыларын чакырган жок.

Инаугурация учурунда Жээнбеков Кыргызстандын элине ант берип, күбөлүк, төш белги жана Кыргызстандын президентинин штандартын алат. Инаугурация салтанаты аягына чыккандан соң Бишкекте үч жолку артиллериялык атуу болот.

Башында инаугурацияга 13 млн сом сарптоону пландап жатышкан. Бирок кийинчерээк президенттин аппарат башчысы Алмаз Үсөнов салтанатка кетчү чыгым азайышы мүмкүндүгүн билдирген.

Жээнбековдун президенттик кызматка киришүү салтанаты учурунда Бишкектин борборунда жол кыймылы жарым-жартылай чектелет. Мындан тышкары, бийлик Жогорку Кеңештин, Өкмөт үйүнүн имараттарынын жанында жана Ала-Тоо аянтында митингдерди өткөрүүгө тыюу салган, анткени алар «инаугурация күнү таранспорт кыймылына тоскоолдук жаратышы мүмкүн».

2011-жылы Атамбаевдин инаугурациясына бюджеттен 10 млн сом, ал эми кулатылган президент Курманбек Бакиевдин инаугурациясына 2009-жылы 20 млн сом чыгымдашкан.


ТЕМА БОЮНЧА: