Бишкек: Тарых музейиндеги өрттөн эч ким жабыркаган жок

Кыргызстандын тарых музейинде анчейин чоң эмес өрт чыккан — электр чубалгасы күйүп кеткен. Жабыркагандар жана зыянга учураган экспонаттар жок.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, өрт чыгуу боюнча билдирүү саат 11:37де түшкөн. Окуя болгон жерде өрт чыгууну заматта өчүрүшкөн эки техника иштеген.

Музейдин директору Анаркүл Исиралиеванын айтымында, музейдин имаратындагы электр чубалгасы ширетүү иштеринен улам күйүп кеткен. Ал өрт анчейин чоң эмес болгонун жана музейдеги экспонаттар жабыр тартпаганын айтты.

Бул тарых музейинде жыл ичинде чыккан экинчи өрт чыгуу. 22-июлда музейдин капмпасында өрт чыккан.

Ал учурда өрт чыгуу бат өчүрүлүп, экспонаттарга зыян тийгизилген эмес.

Бирок кампанын орун жайы абдан катуу түтөп, музейдин 10 кызматкери күйүп кеткен продукция менен ууланышып, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн.


ТЕМА БОЮНЧА: