Кыргыз-казак чек арасы: Кезекте 600дөн ашуун жүктүү унаа турат

Сүрөт: «Азаттык»

Кыргызстандын чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасынын көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде жүктүү унаалардын санынын көбөйгөнү тууралуу билдирди. «Ак-Тилек» көзөмөл бекетинде 400дөн ашуун оор жүк унаасы турат.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, «Ак-Тилек» көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде 427 жүктүү унаа чогулуп калган.

Ушундай эле кырдаал «Чоң-Капка» бекетинде дагы пайда болуп, ал жакта тыгындарда 187 оор жүк унаасы турат.

Чек ара кызматы башка көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде адамдардын чогулуусу менен тыгындар байкалбаганын кошумчалады.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, өткөн суткаларда чек арада турушкан жүктүү унаалардын сегиз айдоочусуна медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Дипломатиялык араздашуу

Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстандын бийлигинин дарегине айткан сын-пикирлеринен улам оорлошуп кеткен. Негизинен өлкө башчысы аларды өлкөнүн «байлыгын урдоого» айыптаган.

Ошондон кийин 10-октябрда казак чек арачылары жарандарды чек арадан өткөрүү тартибин күчөтүшкөн — өткөрмө бекеттеринде кезек күтүүлөр пайда болуп, авто тыгындар жарала баштаган.

Кырдаал эки өкмөттүн башчылары жарандар менен бош автоунааларды чек арадан жеңилдетилген тартипте өткөрүп баштоо боюнча келишишкенден кийин 18-октябрдан баштап жеңилдеп калган болчу.

Бирок жүктүү унааларды жеңилдетилген тартипте өткөрүү боюнча маселе бүгүнкү күнгө чейин чечиле элек.

Казак бийлиги чек ара көзөмөлүнүн күчөтүлүшүн Кытайдан Кыргызстан аркылуу кирип жаткан мыйзамсыз импорт жана аткезчилик менен күрөөшүү деп түшүндүргөн.


ТЕМА БОЮНЧА: