Абдыгулов вице-премьер-министр болуп калды

Толкунбек Абдыгулов. Сүрөт: «Азаттык»

Президент Алмазбек Атамбаев Толкунбек Абдыгуловду Кыргызстандын вице-премьер-министрлигине дайындоо боюнча жарлыкка кол койду.

Атамбаев Абдыгуловду вице-премьер-министрлик кызматка дайындоо боюнча жарлыкка 23-ноябрда кол койду. Премьер-министр Сапар Исаковдун айтымында, Абдыгуловдун карамагында экономика маселелери болот.

Буга чейин Абдыгулов мындан жогоруураак биринчи вице-премьер-министрлик кызматты ээлеп турган болчу. Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьерлик кызматка Темир Жумкадыров жол кырсыгынан кайтыш болгондон кийин 10-октябрда киришкен. Ошондой эле, ал Президенттик шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча республикалык штабды жетектей баштаган.

Өкмөткө келгенге чейин Абдыгулов беш жыл аралыгында Улуттук банкты жетектеген.


ТЕМА БОЮНЧА: