Атамбаев: Эгерде мен казак бийлигин сындабасам, шайлоодо Бабанов жеңмек

Сүрөт Кыргызстандын президентинин сайтынан алынды.

Президент Алмазбек Атамбаев билдиргендей, казак бийлигин 15-октябрда өткөн шайлоодо алардын «кол баласы» жеңип кетпеши үчүн сындаган. «Кол баласы» деген сөз менен президент бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдон утулуп калган Өмүрбек Бабанов жөнүндө айткысы келген.

Атамбаев маданият ишмерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде эгерде ал 7-октябрда Казакстандын бийлигин сындабаганда, Кыргызстандын шайлоосунда жеңишти алтынчы номур менен бараткан Өмүрбек Бабанов жеңишке жетиши мүмкүн болгон.

«Эгерде мен ошондо үндөбөй, БУУда сүйлөбөсөм жана бул жерде сыйлыктарды тапшырууда (7-октябрда мугалимдерге сыйлык тапшыруу — ред.) мүмкүн бизди азыр тизмектеги алтынчы номердеги "шестерка" башкарып жатмак», — деп билдирди Атамбаев.

Анын айтымында, ал айтылган сын пикирден улам «Назарбаев аны эч качан кечирбестигин» билген. Ошондой эле президент билдиргендей, «абдан эмоционалдуу, бирок абдан ойлонуп» сүйлөйт.

«Бирок көпчүлүгү ойлойт: Атамбаев дагы бир нерсени балп этти деп […] Эгерде мен айрым бир нерселерди кылып жаткан болсом мен абдан күчтүү душмандарды таап жатканымды түшүнгөм», — деди Атамбаев.

Өлкө башчысы Кыргызстан «ири коңшулар», Орусия жана Кытай менен достук мамилелерди колдошу керек деди.

Атамбаев буга чейин казак бийлигин Кыргызстанга өзүнүн талапкерин «таңуулоо» үчүн айыптаган кезде Бабанов жөнүндө Казакстандын «кол баласы» деп айткан болчу. Кийинчерээк ал билдиргендей, «алардын кол баласы түрмөгө отурат», Кыргызстандын өлкө башчылыгына отурбайт.

Атамбаев тарабынан казак бийлигин сындоого шайлоо өнөктүгү учурунда Бабановдун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен болгон жолугушуусу себеп болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: