Атамбаев Илмияновду өзүнүн кеңешчиси кызматынан алды

Икрамжан Илмиянов

Президент Алмазбек Атамбаев Икрамжан Илмияновдун өзүнүн коомдук башталыштагы кеңешчиси кызматынан алды. Мурдараак президент Илмияновду «Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы» үчүн III даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган.

Атамбаев Илмияновдун президенттин кеңешчиси кызматынан кетүү боюнча арызына 23-ноябрда кол койду.

Президент 22-ноябрда Икрамжан Илмияновду «жакшы уазир» деп атап, аны III даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган.

Атамбаев Илмияновду сыйлоо алдында билдиргендей, ал «депутат болуудан дагы, кайсы бир мамлекеттик кызматта иштөөдөн дагы баш тарткан жалгыз кыргыз» болуп калган.

Президенттин айтымында, Илмиянов ал менен 25 жыл иштеген жана алар «ар кандай нерселерден өтүшкөн».

«"Слоник" деген кыйноо бар, дем ала албашы үчүн башына баштык кийгизип байлап коюшат. Биз бардыгыбыз булардан өткөнбүз […] Биз менен ошондой кылышкан: кимдир бирөөнү өлтүрүшкөн, кимдир бирөөнүн башына баштык кийигизишкен. Менин кызымды бычак менен жүрөккө сайып, өлтүрүүгө аракет жасашкан. Баары болгон», — деген Атамбаев.

Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Фарид Ниязов калды, ал эми кеңешчилер болуп Калыкбек Султанов, Мухамметкалый Абулгазиев жана Мира Карыбаева эсептелет.

Илмияновдун кызмат жолу

Илмиянов өзүнүн карьерасын «Кыргызавтомаш» ишканасында Атамбаевдин айдоочусу болуп баштаган.

2010-жылдагы революциядан кийин Атамбаев Убактылуу өкмөттүн премьер-министрлик кызматын аркалап баштаганда Илмиянов анын жеке жардамчысы болуп калган

2011-жылдагы президенттик шайлоодо Атамбаевдин жеңишинен кийин Илмиянов президенттик аппараттын башчысынын орун басары болуп дайындалган. Ал бул кызматта 2015-жылга чейин иштеген. Илмиянов бул кызматтан анын дарегине «Вечерний Бишкек» газетасын рейдерлик басып алууга айыптап чыгышкандагы чыр чатактын шартында кеткен.

Ал эми Илмиянов өзү ири медиа-холдиң жеке менчигинин ээсинин алмашуусуна тиешеси бардыгын четке каккан — ал билдиргендей, ага «далилсиз каралоого чыдоо кыйын» болуп калган.

Ал 2015-жылдан баштап 2016-жылга чейин Атамбаевдин кеңешчиси болуп иштеп, бирок «башка жумушка өтүп» жаткандыгы себептүү президент тарабынан кызматтан алынган. Ал эми 2017-жылдын апрелинде ал президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси кызматына кайтып келген.


ТЕМА БОЮНЧА: