Башкы прокуратура: Көпүрөнү оңдоо үчүн куруучуга 35 млн сом «мыйзамсыз» которулган

Транспорт министрлигинин алдындагы №15 Жол-эксплуатация башкармалыгынын кызматкерлери Нарындагы көпүрөнү оңдоо үчүн курулуш компаниясына 35 млн сомдон ашуун алдын ала төлөмдү «мыйзамсыз» которушкан. Көпүрө аягына чейин курулбай калып, башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдиргендей, №15 Жол-эксплуатация башкармалыгынын кызматкерлери 2017-жылдын июль айында Нарын облусундагы Ак-Тала районунун Акталчат айлында көпүрөнү оңдоо үчүн 42,8 млн сомго тендер өткөрүшкөн.

Башкы көзөмөл органынын маалыматына ылайык, №15 Жол-эксплуатация башкармалыгынын кызматкерлери кепилдик төлөмүн бербеген курулушчуга алдын ала төлөм катары 35 млн сомдон ашуун каражатты «мыйзамсыз» которушкан.

«№15 Жол-эксплуатация башкармалыгы тарабынан банктык кепилдик же күрөө менен камсыздалбаган компаниянын алыш-бериш эсебине алдын ала төлөм катары 35,3 млн сом өлчөмүндө акча каражаты мыйзамсыз которулган», — деп айтылат Башкы прокуратуранын билдирүүсүндө.

Ошондой эле, компания көпүрөнү оңдоону аягына чыгарган эмес, бирок келишим боюнча куруучу аны 2017-жылдын 8-сентябрында ишке бериши керек болчу.

Мамлекетке 35 млн 351 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

Башкы прокуратура «Тендер өткөрүү эрежесин бузуу», «Ыйгарым укугунан кыянат пайдалануу» жана «Өзгөчө ири өлчөмдө Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келишим түзүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.


ТЕМА БОЮНЧА: