Болсунбек Казаков Маммүлк фондусунун башчылыгынан алынды

Болсунбек Казаков Сүрөт: sdpk.kg

Премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун башчысы Болсунбек Казаковду кызматтан алды. Аткаминер бул кызматта бир жылга жетпеген убакыт иштеди.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Сапар Исаков Казаковдун кызматтан алынышы боюнча буйрукка 23-ноябрда кол койду. Өкмөттөн аткаминер эмне себептүү жумуштан алынганын жана аны башка кызматка дайындашабы же жокпу маалымдашкан жок.

Казаковду ММБФнын башчылыгына 2017-жылдын январында дайындашкан. Анын учурунда түз сатуу жолу аркылуу «Мегаком» байланыш операторун сатыкка чыгаруу чечими кабыл алынган. Буга чейин «Мегакомду» сатуу боюнча үч жолу өткөрүлгөн аукцион ийгиликсиз болуп калган.

Үстүбүздөгү жылдын сентябрында орусиялык ишкер Елена Нагорная «Мегакомду» 13,5 млрд сомго сатып алуу боюнча билдирме тапшырган.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов Нагорнаянын каражаты жок жана ал менен келишим түзүү — бул кезектеги «алдамчылык менен тоноо» деп билдирип, Нагорнаянын талапкерлиги менен мамлекеттик органдын аракетин сындап чыккан.

Ноябрда ММБФнын башчысы Болсунбек Казаков билдиргендей, Елена Нагорная менен болгон сүйлөшүүлөр «тараптар шарттар боюнча өз ара келише алышпай койгондуктан» улам токтотулган.

Ошол эле учурда Казаков «Мегакомду» сатып алууга дагы бир нече компания билдирме тапшырганын маалымдап, бирок кайсыл компаниялар экенин айткан эмес.

Казаков ММБФнын башчылык кызматына дайындалганга чейин эки жылдан ашуун убакыт Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиктин директору болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: