Эмил Шүкүров Бишкек шаардык кеңештин депутаттык кызматынан кетти

Шүкүров Бишкек шаардык кеңешинин депутаттык ыйгарым укуктарын тапшыруу боюнча өзү арыз тапшырган — анын айтымында, ал «шаардык кеңешке алаксыбай» экология менен алектенгиси келет.

Шүкүровдун кызматтан кетүүсү боюнча 23-ноябрда белгилүү болгон — бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Эми анын Бишкек шаардык кеңешиндеги ордун «Манас-Менеджмент» акционердик коомунун кеңешчиси Сиябек Абдурахманов ээлеп калат.

Ал эми Шүкүров өзү «Клооптун» кабарчысына кызматтан кеткенин «шаардык кеңешке алаксыбай» экология менен алектенгиси келип жаткандыгы менен түшүндүргөн.  

«Мен шаардык кеңешке калаага кандайдыр бир пайда алып келүү үчүн баргам. Ал жакта өткөн бир жыл текке кеткен жок. Мен шаардык кеңештеги ишти бүтүрдүм эми депутат болбой туруп шаарга жардам берүүнү улантам», — деди ал.

Шүкүров — Кыргызстанда кесипкөй экологдордун бири. Ал айлана чөйрө жана экология маселелерине өзүнүн 50 жылдан ашуун өмүрүн арнаган.

Ал бактарды кыюу жана шаардык пландоо тармагында ойлонулбаган чечимдер үчүн кыргыз бийлигин байма-бай сынга алган. Бишкек шаардык кеңеште ал бир жылга жетпеген убакыт иштеди — 2016-жылдын декабрында ал Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынан Бишкек шаардык кеңештин депутаттыгына шайланган.


ТЕМА БОЮНЧА: