Аламүдүн: «Теплые ключи» санаторийинин жанында 15 гектар токой өрттөнүп жатат

Сүрөт: © Sputnik / Константин Чалабов

Тоо аймагы болгондугу жана жолдордун жоктугунан улам өрт өчүрүү техникалары өрттөнүп жаткан жерге өтө албай жатышат. Өрт менен 35 адам кол шаймандары аркылуу күрөшүшүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министригинен билдиришкендей, өрт каптаган жердин аймагы 15 гектарды түзөт. Өрт 23-ноябрда Аламүдүн районунда жайгашкан «Теплые ключи» санаторийинин жанында күндүн экинчи жарымында башталган.

Өрт чыгуу жөнүндө маалыматтан кийин өрт өчүрүү бригадасы жөнөтүлгөн, бирок тоо аймагында жолдордун жоктугунан улам машина өрт чыккан жердин очогуна өтө албай калган.

Өрт өчүргүчтөр кол шаймандары аркылуу өчүрүүгө киришишкен. Алар өз жумуштарын түн киргенде тотктотушкан.

«Эртең менен 35 адамдан турган бригада жөнөп кеткен. Учурда ал жерде өрт өчүргүчтөр иштеп жатышат, участок дагы деле күйүп жатат», — деп билдиришти ӨКМдин басма сөз кызматынан.

ӨКМдин басма сөз кызматынан өрт учурунда эч ким жабыр тартпаганын жана турак жайлардын өрттөөнүү коркунучу жоктугун кошумчалашты.

Өрт чыгуунун себеби азырынча белгисиз.