Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев алты жылдык мамлекетти башкаруудан кийин 24-ноябрда президенттик ордун Сооронбай Жээнбековго бошотуп берет. Алты жыл аралыгында президенттин сайтында жүздөгөн расмий сүрөттөрдүн топтому пайда болгон.

Алар менен таанышып чыккандан кийин Атамбаевдин президенттигин ар кандай тараптардан карап көрсө болот. Ал кызматы менен үй-бүлөсүндө кандай болгон? Кантип ал саясий өнөктөштөр менен мамиле курган жана алар кантип анын каршылаштары болуп калышкан? Президент кубанычтуу жана эң эле кайгылуу учурларда кандай болгон?

«Клооп» президенттин бардык расмий сүрөттөрүн караштырып чыгып, алардын ичинен эң эле маанилүүлөрүн жана белгилүүлөрүн тандап алды.

Алмазбек Атамбаев өзүнүн 2011-жылдын 1 декабрындагы инаугурациясында.


2012-жылдын январында Кыргызстандын президенти түркиялык Билкент университетинин ардактуу профессору наамын алган.


Атамбаев 2012-жылдын январында Орусиянын чек ара кызматынын Кыргызстанга берген аскерий-техникасын тапшыруу учурунда.


Президент Эл аралык аялдар күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара учурунда. 2012-жыл 7 март.


Алмазбек Атамбаев 2013-жылдын май айында Казакстанга болгон сапары учурунда өзүнүн кесиптеши Нурсултан Назарбаев менен Астананы карап жатат.


Кыргызстандын президенти ошол кезде «РусГидро» башкармалыгынын төрагасы болуп турган Евгений Дод менен Жогорку Нарын ГЭС каскаддары курула турган жерде убакыт капсуласын түптөп жатат. 2012-жыл октябрь айы.


Алмазбек Атамбаев менен «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2013-жылдын январында.


Өспүрүм 2013-жылдын 7-апрелинде «Ата Бейит» мемориалдык комплексинде Кыргызстандын президенти менен саламдашууда.


Атамбаев менен Абдуллах Гүл — ошол учурдагы Түркиянын президенти — Анкара 2013-жыл июнь айы.


Атамбаевдин 2013-жылдын ноябрындагы Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусу.


Алмазбек Атамбаев 2013-жылдын ноябрында өзүнүн колуктусу Раиса Атамбаева менен Түштүк Кореяга болгон сапарында.


Кыргызстандын президенти Бишкектин борбордук аянтында эркиндик үчүн набыт болгондордун монументинин алдында гүлчамбар коюу алдында. 2014-жыл 7-апрель.


Атамбаев менен Кытайдын башчысы Си Цзинпин 2014-жылдын май айында Пекинде. Буга бир нече ай калганда Кыргызстандын президенти бутунун тизесинен операция болуп, убактылуу аса таянып жүргөн.


Президент 2014-жылдын декабрында Сауд Арабиясына сапарга барган. Сүрөткө 2015-жылга чейин өз өлкөсүн өмүр бою башкарып дүйнө салган Абдалла падыша менен анын жолугушуусу тартылган.


Атамбаев 2014-жылдын декабрында Меккеге болгон ажылыгы.


Европа өлкөлөрүнө болгон президенттик сапар: Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын март айында Германиянын канцлери Ангела Меркель менен жолугушууда.


Атамбаевдин Кыргызстандын футбол боюнча курамасынын оюнчуларынын машыгууларына баргандан кийинки футболисттер менен кылган селфиси. 2015-жыл июнь айы.


Президент 2015-жылдын июль айында Жалал-Абад облусуна барган сапары учурунда Көк-Арт дайрасы аркылуу өткөн жаңы көпүрөнү ачуу иш-чарасы учурунда.


Алмазбек Атамбаев Бишкектин айланасындагы «Ала-Арча» жаратылыш бакчасында Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен. Түркмөн президенти Кыргызстанга 2015-жылдын августунда келген.


Кыргызстандын президентинин 2015-жылдын сентябрында Иранга болгон сапары.


Атамбаев 2015-жылдын сентябрында Турдакун Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнатында — Усубалиев Кыргыз ССРнин мурдагы жетекчиси. Президенттин жанында болочоктогу вице-премьер-министр Темир Жумакадыров турат. Эки жылдан кийин эле Атамбаев аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышты.


Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев өзүнүн 2016-жылдын июнь айында Кыргызстанга болгон сапара учурунда Алмазбек Атамбаевди сүрөткө тартууда.


Президент 2016-жылдын июнунда өзүнүн автордук ырларын жаздыруу учурунда.


Атамбаевдин 2016-жылдын июнунда Улуттук онкологиялык борборунун өспүрүм бейтаптарынын ал-акыбалдарын билүү үчүн барган учуру.


Президент Чолпон-Атадагы жаңы ат майданда Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышында. 2016-жыл сентябрь айы.


Атамбаев 2016-жылдын сентябрында өзүнүн кызы Алия менен күйөө баласы Константинди үйлөнүү-үлпөт күнүндө куттуктап жатат.


Президент дене тарбия-саламаттыкты чыңдоо комплексинин ачылышында. Кызыл-Кыя шаары, ноябрь айы 2016-жыл.


Атамбаев аялы Раиса Атамбаева менен балдардын жаңы жылдык президенттик балатысында. Декабрь айы 2016-жыл.


Президент 2017-жылдын январында «Боинг» учагынын кыйроосунан улам каза тапкандардын туугандары жана жабыркагандар менен жолугушууда. Анда учак «Манас» аба майданына жакын жайгашкан Дача-СУ кыштагына кыйраган.


Алмазбек Атамбаев жана ошол кездеги мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Конституцияга түзөтүүлөр киргизилгенден кийин. 2017-жыл январь айы.


Президент кыргыз өкмөтү «Liglass» чех компаниясы менен Жогорку-Нарын ГЭС каскаддарын куруу боюнча макулдашууга кол коюу учурунда. 2017-жылдын июль айы.


Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 72-сессиясында сөз сүйлөп жатат.


Атамбаев Өзбекстанга болгон иш сапарында Шавкат Мирзиёев менен. 2017-жыл октябрь.


2017-жылдын октябрь айында жол кырсыгынан каза тапкан вице-премьер Темир Жумакадыровду акыркы сапарга узатуу зыйнатында.


Алмазбек Атамбаев шайлоо участкасында биометрикалык маалыматын берип жатат. 2017-жылдын октябрь айы.


Сүрөттөрдүн баары Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматына таандык