Кыргызстан — Мянма матчы жылдырылды

Сентябрда Кыргызстан менен Мянманын курамаларынын ортосундагы токтотулган матч 2018-жылдын 22-мартына жылдырылды. Командалар бейтарап аянтта ойношмокчу.

Кыргызстан менен Мянманын ортосундагы Азия Кубогу-2019 тандоо этабынын матчы кийинки жылга жылдырылды. Мындай чечим Азия футбол конфедерациясы тарабынан өткөрүлгөн таймашуу комитетинин конгресси учурунда кабыл алынды.

Кыргызстандын футбол федерациясынын вице-президенти Дастанбек Конокбаевдин айтымында, комитеттин жылдыруу боюнча чечимдин кабыл алышына кыргыз тарап аракет кылган. Ошондой эле, ал матчты өткөрүүнүн жайы кийинчерээк белгилүү болоорун кошумчалады.

«Кыргызстандын футбол федерациясы комитеттин жыйыны бүткөндө расмий билдирүү таратат. Анткени жыйын улантылып жатат жана күн тартибинде көптөгөн маселелр бар. Биз үчүн башкысы — биздин маселенин оң жактуу чечилиши», — деди Конокбаев.

Азия Кубогу-2019 тандоо айлампасынын үчүнчү турундагы матчы 5-сентябрда өтүшү керек болчу, бирок ага бир күн калганда премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен «террористтик коркунучтардан улам» матч токтотулган.

Кыргызстандын футбол боюнча курамасы 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алуу үчүн күрөшүүдө. Ошондой эле кыргызстандыктар менен кошо бир тайпада Индия, Мянма жана Макао командалары бар.

Төрт оюндун жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандын курамасы өзүндөгү жети упай менен 2-орунга чыккан. Алдыда турнирдин плей-оффунда өзүнө орун камсыздап койгон Индиянын курамасы келе жатат. Тайпадагы экинчи жолдомо үчүн Кыргызстан менен Мянма таймашышат.


ТЕМА БОЮНЧА: