Казак ЖМКлары Кыргызстандагы ыктымал 2010-жылдагы окуялар жөнүндө даректүү тасманын трейлерин көрсөтүштү

Коомдук желелердин казак сегментинде Кыргызстандагы ыктымал 2010-жылдагы окуялар жөнүндө жарыя кылган «даректүү тасманын» трейлерин таркатышты. Анда «апрель ыңкылабына» карата Казакстандын президентинин администрация башчысы Адилбек Жаксыбеков баяндама жасайт.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин администрация башчысы Кыргызстандагы ыктымал 2010-жылдагы окуяга баяндама жасаган видеороликти коомдук тармактардын казак сегменти менен Казакстандын интернет басылмаларына жайылтышкан.

Казак ЖМКлары видеороликти даректүү тасманын анонсу деп аташып, бирок кинонун жаратуучулары жөнүндө жана бул тасма каякта тартылганы боюнча маалымат беришкен жок. Болгону ал көрсөтүлө турган күнү, 29-ноябрь, белгилүү.

Видеоролик жөнүндө жазган бардык ЖМКлар жөн гана YouTube видохостиңине жарыяланган видеону жайгаштырып коюшкан.

Ал эми видеороликте интервьюсу көрсөтүлгөн Адилбек Жаксыбеков өзү Кыргызстан жөнүндө даректүү тасмага тартылганы же тартылбаганы боюнча азырынча эч бир комментарий бере элек.

«Олутту коркунучтар болгон. Бул, албетте, коопсуздук жана биздин өлкөнүн коргонууга жөндөмдүүлүгү жагынан алып караганда чочулоолорду жараткан. Биздин чек араларыбыз жакын...», — деп айтат Жаксыбеков видеодо дароо эле каршылыкка чыккандар менен укук коргоо органдарынын ортосундагы кагылышуулардын кадрларынын үзүндүсүнөн кийин.


ТЕМА БОЮНЧА: