Бишкекте 150 орундук жаңы оорукананын курулушу аяктады

Борбор калаада 150 адамга ылайыкташкан жаңы оорукана салынды. Кулушка акчаны Түркиянын бийлиги бөлүп берген.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, учурда жаңы оорукананын имаратында жылуук берүүнүн, суу менен жабдуунун, электр энергиясынын жана телекоммуникациясынын иштерин текшерүү жүрүүдө. Оорукананын имараты №1 поликлиника менен хирургия бөлүмү жайгашкан Фучик көчөсүндө орун алган.

Аталган министрликтин эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Осмон Масалиев «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, оорукана түрк тарап менен бардык маселелер макулдашылгандан кийин ачылат.

«Бардык курулуш иштери бүткөндө ооруканага медициналык жабдыктар орнотулат. Ошол эле кезде оорукана кызматкерлерди алуу жүргүзүлөт», — деди Масалиев.

Масалиевдин айтымында, оорукананын кызматкерлери Түркияда окуудан өтүшүп, ал эми бейтапкананын имараты кайтарымсыз түрдө Бишкек мэриясынын карамагына өткөрүлүп берилет.

Оорукананы куруу боюнча келишимге эки өлкөнүн ортосунда 2016-жылдын 1-апрелинде кол коюлуп, ал 2017-жылдын 31-августунда эле аягына чыгышы керек болчу. Бирок долбоордо өзгөртүүлөр болгондуктан курулушту аягына чыгаруу мөөнөтү жылдырылган.

Июль айында Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев клиникада жүрөккө оор операциялар, боор менен бөйрөктөрдү трансплантациялоо жүргүзүлүп, баш мээнин кан тамырлары изилдениши мүмкүндүгүн билдирген.

Министрдин айтымында, клиникадагы эки операция бөлүмү ангиографтар (жүрөк кан тамырларынын дарттарын аныктагыч) менен жабдылып, ал эми өлүкканага кубаттуу муздаткыч жабдыктары орнотулат.

Оорукана 150дөн ашуун адамга ылайыкташкан. Имараттын курулушу 2016-жылдын июль айынын башында башталган болчу.


ТЕМА БОЮНЧА: