Эрнис Толтоев президенттин жардамчысы болуп дайындалды

Президент Сооронбай Жээнбеков 31 жаштагы Эрнис Толтоевди өзүнүн жардамчысы кылып дайындады. Буга чейин Толтоев Жээнбеков премьер-министр жана Ош облусунун губернатору болуп турган кезде анын жардамчысы болуп иштеген.

Жээнбеков Толтоевди өзүнүн жардамчысы кылып дайындалышы боюнча буйрукка 27-ноябрда кол койгон.

Толтоев буга чейин 2012 жана 2013-жылдары Жээнбеков акыркы жолу губернаторлук кызматты, кийинчерээк Ош облусунун ыйгарым укукту өкүлү жана 2016-2017-жылдары премьер-министр болуп турган кезде анын жардамчысы болуп иштеген.

Толтоев 1986-жылы Ош облусундагы Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айлында жарык дүйнөгө келген.

Ал Ош мамлекеттик университетин 2009-жылы бүтүргөндөн кийин Ош облусунун мамлекеттик администрациясында иштей баштаган.

Төрт жыл аралыгында ал мамлекеттик администрацияда — басма сөз катчы, билим берүү бөлүмүнүн алдыңкы адиси, өнөр-жай бөлүмүнүн алдыңкы адиси сыяктуу ар кандай кызматтарда иштеген.

Жээнбековдун жардамчысы кызматынан кийин ал 2013-жылы Ош облусундагы Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айыл өкмөтүнүнүн башчысы болуп, бул кызматта үч жыл эмгектенген.

Ал эми 2016-жылы Толтоев КСДП партиясынан Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланып, бирок бул кызматта болгону эки ай иштеген, анткени кийин премьер-министрдин жардамчысы болуп калган.

Жээнбеков шайлоого катышуу үчүн премьер-министрликтен кеткенден кийин Толтоев сентябрга чейин өкмөттө аналитикалык катчылыктын эксперти болуп иштеген.


ТЕМА БОЮНЧА: