Жээнбеков Атамбаевге «Кыргызстандын Баатыры» наамын ыйгарды

Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев (оңдо) 24-ноябрда инаугурация учурунда.

Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков алкачкы жарлыгы менен мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын ыйгарды. Атамбаев сыйлыкты «элге сиңирген көөнөрбөс эмгеги үчүн» алды.

Жээнбеков Атамбаевге 27-ноябрда «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамын ыйгаруу жөнүндө жарлыкка кол койду.

«Наам Кыргызстандын мамлекеттик эгемендигин, элдин биримдигин, өлкөдөгү тынчтыкты жана ынтымакты чыңдоого, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн бекем негизин түзүүгө зор салым кошкондугу, ошондой эле саясий эркти жана эрдикти көрсөткөндүгү үчүн ыйгарылды», — деп айтылган президенттин басма сөз кызматынын маалыматында.

Жээнбеков Атамбаевге наам тапшыруу жөнүндө биринчи жолу 24-ноябрда өзүнүн инаугурациясы учурунда билдирген.

Анда Жээнбеков «Атамбаев баштаган жолду» уланта турганын убада кылган. Жаңы президент Кыргызстан мындан ары дагы Борбор Азия, Европа жана АКШ өлкөлөрү менен мамилелелерди бекемдөөнү улантаарын айткан.


ТЕМА БОЮНЧА: