Кыргызстандын бийлиги мектептерде «кыздык белги текшерилгенин» четке какты

«Лента.ру» менен «Тенгриньюс» басылмалары кыргызстандык «Вести.kg» маалымат агенттигине таянып, Кыргызстанда мектеп окуучулардын арасында «кыздык белги текшерилип» жатканын жазган. Кыргызстандын бийлиги бул маалыматты четке кагып, аны «болбогон кеп» деп атады.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Елена Баялинова «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, мектептерде «кыздык белги текшерүү» жүргүзүлгөн жок, анткени бул мыйзамсыз.  

«Саламаттык сактоо министрлигинде кыздардын эч биринин кыздык белгилерин текшерүү жүргүзулгөн жок […] Мындай болбойт. Мен бул адам укугун бузуу деп ойлойм», — деди Баялинова.

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева «Спутник» басылмасына курган маегинде мектеп окуучулардын «кыздык белгилери текшерилип» жатканын четке каккан — ал бул маалыматты «болбогон кеп» деп атап, мындай маалыматтар «эч бир нерсе менен негизделбеген» деп кошумчалады.  

«Болбогон кеп! Мындай сөздүн чыгышына эч кандай негиз жок. Андай болушу мүмкүн да эмес, мында кишинин элемантардык укугу бузулуп жатпайбы. Балким бул Саламаттык сактоо министрлигинин окуучулардын ден соолугун текшерген кезектеги иш-чарасыдыр. Ал кыздар менен бирге эле балдардын да саламаттыгына тиешелүү», — деди Кудайбердиева.

Өз кезегинде «Кыздык белгилерди текшерүүнү» талкуулоого кыргызстандык «Вести.kg» агенттигине таянып жазган чет элдик «Лента.ру» менен «Тенгриньюс» басылмаларынын маалыматтары себеп болгон.

«Вести.kg» басылмасынын башкы редакторунун орун басары Алан Сагимбаев «Клооптун» кабарчысына аларга «кыздык белгилер тешерилип» жаткандыгы боюнча маалымат жашыруун булактардан — айыл мектептеринде окуган балдардын ата-энелеринен түшкөнүн айткан.

«Алар айрым бир айыл мектептеринде кыздарды ата-энелерине билдирбей туруп гинекологго жиберишкен учурлар болгонун айтып беришкен. Маалымат курулай токулган эмес», — деди ал.

Редакциянын өкүлүнүн айтымында, басылма «мындай чууну күткөн эмес», ал эми маалыматтын өзү Өзбекстандагы бул сыяктуу тешерүүлөр жөнүндө болгон. «Бизде бул текшерүүлөрдү жашырып кереги жок, дайыма жүргүзүлгөн жана бул жаңы нерсе эмес. Бардык мектептерде эмес, бирок аймактара бул тымызын түрдө бар», — деди Сагимбаев.

Кыргызстанда «текшерүүлөр» боюнча маалымат Өзбекстандагы «кыздык белгилерди текшерүүлөр» жөнүндө макаладан кийин пайда болгон — бул туурасында «Озодлик» басылмасы жазган.


ТЕМА БОЮНЧА: