Чүйдө кытай инвесторлору жарылма заттарды өндүргөн завод курушту

Иллюстративдик фотосүрөт.

Чүй облусунун Кызыл-Октябрь айылында кытай инвесторлору Кыргызстанда жарылгыч заттарды өндүргөн алгачкы завод курушту. Бул заводдон чыккан продукция тоо-кен казуу өнөр-жайында жана жолдорду курууда колдонулат.

Инвестицияларды илгерилетүү Мамагенттигинен билдиргендей, заводдун куруу иштери аяктады. Жалпысынан кытай инвесторлору заводдун курулушуна 5,8 млн АКШ долларынын тегерегинде акча каражатын бөлүшкөн.

«Курулушту колдонууга берүүгө даярдык көрүлүп жатат. Аны менен кошо продукцияны сертификациялоо маселеси чечилүүдө», — деп билдиришти мекеменин басма сөз кызматынан.

Завод 2015-жылдын март айында курула баштаган. Эми аталган ишканада аммонит жарылгыч заты чыгарылат. Ал «стратегиялык тармак» деп саналган тоо-кен казуу өнөр-жайында, жолдорду курууда жана жогорку чыңалуудагы чубалгыларды өндүрүүдө колдонулат.

Мурда ушул сыяктуу продукцияларды Кыргызстан чет өлкөлөрдөн жогорку баада импорттоп келген.

Жаңы курулган завод 60 жумушчу орунун түзүү менен бюджетке салык иретинде 150 млн сом өлчөмүндө акча каражатын которот.