«Ортон кол көрсөткөн адам». Милиция башка айдоочуну колго түшүрүп алганын моюндады

Патрулдук милиция жол кыймыл эрежесин бузган «Тойота Лэнд Крузер» маркасындагы караңгылатылган машинанын айдоочусу азырынча кармала электигин мойнуна алды. Алар тарабынан кармалган жарандын аталган окуяга тийешеси жок болуп чыкты.

Патрулдук милиция билдиргендей, жол кыймыл эрежесин бузган жана окуянын күбөсүнө ортоңку бармагын көрсөткөн айдоочунын аты-жөнү Урмат Токтоназаров. Учурда милиция аны издөө иштерин жүргүзүүдө.

Милиция аталган унаа Элдияр Садабаевге катталганын, ал эми укук коргоо органдары окуяга тийешеси жок болгон Абай Асанбековду колго түшүрүшкөнүн маалымдады.

Буга чейин патрулдук милициянын басма сөз кызматынын башчысы Таалайбек Бугубаев билдиргендей, укук коргоо органдары жол кыймыл эрежелерин бузган жана күбө-айдоочуга ортон колун көрсөткөн караңгылатылган «Тойота Лэнд Крузер» унаасынын айдоочусу делген жаран кармаган.

Жарандык активист Болот Ибрагимов милиция тасмага тийешеси жок болгон башка айдоочуну колго түшүргөнүн билдирген.

«Бишкектин ПМБнын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери иштен алынсын! Биз "Тойота Лэнд Крузер" унаасын башкарган делген айдоочунун сүрөтүн колубузга алдык. Элдерди койго теңөөнү токтоткула! Качан элдерди алдоонун ордуна силер иштей баштайсыңар, уяты жоктор?» — деп өзүнүн фейсбугунда жазып чыкты ал.

Жип үлгүсүндөгү мамлекеттик 0003 ВВ номурундагы караңгылатылган унаанын жолдун каршы тарабына чыгып кеткени түшүрүлгөн тасма 28-ноябрда Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов тарабынан жайгаштырылган.

Жол кыймыл эрежесин бузган айдоочунун алдын өзүнүн тарабында айдап бараткан башка унаа тосуп чыкканда, эреже бузган айдоочу өз жолуна өткөн. Бирок ал окуяга күбө болгон айдоочуга ортон колун көрсөткөн.