Сокулук РИИБинин бардык жетекчилиги жумуштан четтетилди

Иллюстративдик сүрөт.

Ички иштер министрлиги Сокулук районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайынан төрт шектүү качып кеткенине байланыштуу мекеменин бардык жетекчилигин жумушунан алды. Облустук милиция жетекчилигине сөгүш жарыяланды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, Сокулук РИИБинин эки милиция кызматкери «ишеним жоготкондугу» үчүн өз жумушунан четтетилди.

Мындан тышкары, Сокулук районунун ИИБнин башчысы жана анын жети кесиптеши «ИИМдин буйруктарын одоно бузгандыгы» үчүн ээлеген кызматтык орундарынан бошотулду. Учурда башкармалыктын башчысынын милдетин Азамат Ногойбаев аткарууда.

Сокулук РИИБинин криминалдык милиция кызматынын башчысына жана анын орун басарына «толук эмес кызматтык шайкештик» эскертүүсү берилди.

Ошондой эле, Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын башчысына жана анын орун басарына катуу сөгүш берилди.

ИИМдин ички иликтөө кызматы оор кылмыштарга шектелген төртөө ИИМдин уставын «одоно бузгандыгы» үчүн качып кетишкенин аныктады.

Буга чейин төрт адамдын убактылуу кармоочу жайдан качып кеткендигине байланыштуу эки милиция кызматкери кармалган. Аларга иш үстүндө «шалаакылык» мамиле жасаган деген айып тагылган.  

27-ноябрын таңында Сокулук районунун ИИБнин убактылуу кармоочу жайынан адам өлтүрүүгө жана каракчылыкка шектелген төрт адам качып кеткен.

Ошол эле күнү кечке маал милиция кызматкерлери эки качкынды, Бакыт Дилдешов менен Рамил Базаркуловду кармашкан

ИИМдин басма сөз кызматы 28-ноябрда дагы бир изин сууткан шектүү  Багтият Ачылдурдиевдин кармалгандыгын билдирген. Качып кеткен төрт шектүүнүн бири Кайрат Жанботоев дагы эле издөөдө.


ТЕМА БОЮНЧА: