Аскерлер үчүн ЖРТнын жыйынтыктары үч жылга чейин жарактуу болот

Парламент үчүнчү окууда аскер кызматын өтөп келгендер үчүн окуу жайга тапшырууда артыкчылык берген мыйзам долбоорун жактырды. Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) бирдей өлчөмдөгү жыйынтыктары болгон учурда артыкчылык аскер кызматын өтөгөндөргө берилет.

Парламентарийлер 30-ноябрда жогорку жана башка окуу жайларга тапшырууда аскер кызматкерлерине артыкчылык берген мыйзам долбоорун кабыл алышты.

Мыйзам долбоору президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери, депутаттар Жанар Акаев менен Абдывахап Нурбаев билдиргендей, аскер кызматкерлеринин ЖРТга даярданууларына мүмкүнчүлүктөрү жок.

Башында мыйзам долбоору аскер кызматкерлери үчүн ЖРТдан өткөндүгү боюнча сертификаттын жарактуу мөөнөтүн бир жылдан эки жылга чейин узартуу гана каралган.

Бирок документтин парламенттен өтүүсү учурунда анын тексти өзгөргөн — эми мыйзам долбоору аскер кызмытын өтөгөндөргө көбүрөөк артыкчылыктарды берет.

Мисалы, жогорку окуу жайга тапшырууда абитуриенттердин баллдары бирдей өлчөмдө болгон учурда артыкчылык аскер кызматын өтөгөндөргө берилет, ал эми сертификат үч жылга чейин жарактуу болот.

Депутаттардын айтымында, артыкчылыктар аскерлерге кызмат өтөө милдеттерин чоң кайтарым менен аткарууга түрткү берет.

Бирок Билим берүү министрлигинен ЖРТнын жыйынтыктарынын абдан эле узак жарактуу мөөнөтүнөн улам өзгөртүүлөргө каршы чыгышты.

«Эки жыл өткөндөн кийин абитуриенттин билим деңгээли тест тапшырып жаткан учурдагыдан дагы башкача болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан аскер кызматкерлери өздөрүнүн билимдерин тастыктоолору керек», — деп билдиришти аталган министрликтен.


ТЕМА БОЮНЧА: