Депутаттар бюджетти 20 млрд сом тартыштык менен кабыл алышты

Парламенттин депутаттары 2018-жылга карата республикалык бюджетти биротоло жактырышты. Бюджеттин тартыштыгы 20 млрд 267 миң сомду түздү.

Бюджетти тартыштык менен кабыл алуу үчүн катталган депуттардын 108и добуш беришти.

Аткаминерлер бюджеттин киреше булагына 140 млрд 882 млн сомду киргизишти. Ошол эле учурда чыгаша 20 млрд 267 млн сомду түзүп калат.

Чыгашалардын көпчүлүк бөлүгү социалдык тармакка киргизилип, ал 82,2 млрд сомду түзүп калат. Экономиканын реалдуу тармагына (өндүрүш жана кызмат көрсөтүүлөр) 49,6 млрд сом бөлүнүүдө. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө 20 млрд сом чыгаша каралган.

Азыркы учурда бюджеттин чыгашасынын көпчүлүк бөлүгү социалдык тармакка келүүдө — 82,2 млрд сом, ал эми реалдуу тармакка 49,6 млрд сом бөлүнө турган болсо, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө — 20 млрд бөлүнөт.

Күч түзүмдөрүнө кете турчу чыгымдар ачыкталган эмес, анткени жашыруун деп эсептелинет.

Өлкө бюджетинин негизги киреше булактары:

  • НДС — 52,5 млрд сом;
  • бажы төлөмдөрү — 19 млрд сом;
  • гранттар — 14,7 млрд сом;
  • акциз салыгы — 12,7 млрд сом;
  • акылуу кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн киреше — 10,5 млрд сом;
  • жеке киреше салыгы — 7,2 млрд сом;
  • «Кумтөрдүн» дүң кирешесине болгон салык — 5,6 млрд сом;
  • киреше салыгы — 5,6 млрд сом;
  • сатуудан алынган салык — 4,6 млрд сомов;
  • мамлекеттик пакет акцияларына эсептелген дивиденддер — 3,2 млрд сом.

Бюджеттин тартыштыгы 2017-жылы 21,4 млрд сомду түзгөн.