Жогорку сот «Заноза» боюнча өкүмдү күчүндө калтырды (беш арыздын үчөөсү боюнча)

Кыргызстандын мурдагы президенти. Сүрөт: Султан Досалиев, президенттин басма сөз кызматы.

Жогорку сот мурдагы инстанциялардагы президенттик ыйгарым укуктарын тапшырган Алмазбек Атамбаевдин ар-намысы менен кадыр-баркын коргоодогу «Занозага» каршы үч арыз боюнча чечимин күчүндө калтырды. Басылма Атамбаевге 9 млн сом төлөп бериши керек.

Жогорку сот «Заноза» (учурда Kaktus.Media — ред.) басылмасына каршы үч арызды карады. Сот бардык үч арыз боюнча өкүмдөрдү күчүндө калтырды. Эми басылма бул үч арыз боюнча Атамбаевге 9 млн сом төлөп бериши керек.

Жогорку сот «Занозага» каршы дагы эки арызды кийинчерээк карайт.

Басылманын түзүүчүлөрүнүн бири Дина Маслова «Клооптун» кабарчысына курган маегинде билдиргендей, басылма мурдагы президентке акчаларды төлөп берүү үчүн бүгүнтөн баштап краудфандиң (элден акча чогултуу — ред.) компаниясын баштайт.

«Президенттин пенсиясына чогултабыз. Жогорку сот бир жарым сааттын аралыгына үч сот жараянын дайындап салганын эске алганда, бардыгы эбак эле чечилгенин алдын ала билүүгө мүмкүн болгон», — деди Маслова.

Маслова Жогорку соттун судьялары жоопкерчиликке тартылып жаткандардын адвокаттарынын «ооздорун ачык эле басып жатканын» кошумчалады.

«Кыска сүйлөөнү талап кылышты. "Бизде болгону жарым саат" бар деп эле айтышты […] Эч ким жоопкерлердин эреже бузулгандыгы үчүн ишти жаңы кароого жөнөтүү керек деген жүйөлөрүн уккан жок. БУУнун адам укуктары боюнча комитетине биз үчүн арыз даярдай турган юристерди таптык», — деп билдирди Маслова.


ТЕМА БОЮНЧА: