«Asia’s Got Talent»: «Адем» тобу өнөр сынагынын финалына өттү

Кыргызстандык бийчилер Малайзияда өтүп жаткан «Asia's Got Talent» сынагынын финалына интернет колдонуучулардын добушу менен өттү.

«Адем» тобу «Asia's Got Talent» сынагынын финалына өткөнү тууралуу бийчилердин менеджери Азамат Бозоев билдирди.

«Финалга чейин башка жанрдагы бийге даярданып жүрдүк эле. Бир күн калганда бийди өзгөртүп, учурда күнү-түнү даярданып жатабыз. Репетиция болгондугу үчүн эртең 2-декабрда Сингапурга учабыз», — деди Бозоев.

«Asia's Got Talent» таймашынын 7-декабрда өтө турган финалында жалпы тогуз катышуучу ат салышышат. Сынактын жыйынтыгы 14-декабрда жарыяланат.

 «Адем» тобу алгачкы турда калыстардын «Алтын топчусуна» татыган. Жарым финалда кыргыз бийчилери музейдеги көрүнүштү чагылдырып, калыстар менен көрүүчүлөрдүн алкоосун алган.

«Asia's Got Talent» шоу программасы эфирге алгачкы жолу 2015-жылы чыккан. Бул сынакта ырчы, бийчи жана башка өнөр адамдары өз таланттарын көрсөтө алышат.

Малайзияда өтүп жаткан сынактын катышуучулары өнөрлөрүн 15 мамлекеттин көрүүчүлөрүнө тартуулоодон тышкары 100 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү баш байге үчүн ат салышат.

«Адем» бийчилер тобу 2014-жылы түзүлгөн. Анын курамында кыргыз бийчиси Атай Өмүрзаковдун шакирттери бийлешет.


ТЕМА БОЮНЧА: