Каржы министри: 2018-жылы «Таза Коом» долбооруна 1 млрд сом жумшалат

Каржы министри Адылбек касымалиев билдиргендей, бул каражатка мамлекетте өлкөнүн «санарипке которулуусу» үчүн иш-чараларды өткөрүшөт. Өкмөт программага 2017-жылга салыштырмалуу 800 млн сомго көбүрөөк каражат бөлгөн.

Касымалиев программаны ишке ашыруу боюнча пландар менен 30-ноябрда «Биринчи радио» үналгысынын түз эфиринде билдирди.

«Быйылкы жылга тез арада бүтө турган маселелер каралып, алар каржыланып жатат. Тактап айтсак, электрондук документ жүгүртүү, юридикалык жактарды электрондук каттоо, электрондук натариус, архивдик документтерди санариптөө, жер-жерлерде, айылдарда маалымат киоскаларын ачуу», — деди Касымалиев.

Ошондой эле, министр «Таза коом» программасынын алкагында бала бакчаларга, мектептерге электрондук түрдө кезекке туруу иш-чаралары каралгандыгын билдирди.

Сентябрь айында өкмөт өлкө боюнча «Таза Коомдун» көрнөктөрүн жасоо жана орнотуу үчүн 3 млн сомго тендер жарыялаган.

«Таза Коом»

«Таза Коом» — мамлекеттин ишин жакшыртууга багытталган долбоор. План боюнча ал Азия, Европа жана Жакынкы Чыгышты байланыштыра турган IT-хаб өлкөсүнө айландырат.

Учурда «Таза Коомго» тогузга жакын долбоорлор кирет, анын ичинде «Акылдуу шаар» («Коопсуз шаардын» альтернативасы). Долбоор өлкөнүн жолдорунда айдоочулардын эреже бузууларын аныктаган камераларды орнотууну шарттайт.   

Программанын долбоорлорунун бири жарандардын аткаминерлер менен болгон байланышы менен коррупциянын деңгээлин азайтышы керек.

Кыргызстанга «Таза Коом» долбоорун ишке ашырууда БУУ, Азия өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк жана анын ичине АКШ, Жапония, Түштүк Корея жана Орусия кирген бир нече мамлекеттер жардам беришет.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн «Таза коом» долбоорун «Санарип жибек жолундагы алдыңкы топ болуу үчүн» дымактуу максат деп атаган.

«“Таза Коом” долбоорунун шарапаты менен коррупциянын деңгээли төмөндөйт, ал минималдык деңгээлге чейин түшүшү мүмкүн», — деген ал.


ТЕМА БОЮНЧА: