Мамлекеттик монополияга каршы агенттик өлкө боюнча көмүрдүн чектүү баасын орнотту

Аталган мекеме катуу отун саткан 47 компанияга көмүрдүн чектүү баасы орнотулганы боюнча буйрук жөнөткөн. Мекеменин көмүргө орноткон баасы 16-февралга чейин сакталат.

Монополияга каршы агенттиктин жөнгө салынуучу тармактар башкармалыгынын начальниги Сагындык Маматоморов 1-декабрда басма сөз жыйында билдиргендей, ишкерлерлердин көмүрдү жогорулатылган баада сатууга укуктары жок.

Аталган мекеме Кыргызстан боюнча көмүрдүн (тоннасына) чектүү бааларын орнотту:

  • Бишкек — 3800-4000 сом;
  • Чүй облусу — 3800-5000 сомов;
  • Ысык-Көл облусу — 3500-6000 сом;
  • Баткен облусу — 3400-7600 сом;
  • Ош — 4400-5200 сом;
  • Ош облусу — 1500-6000 сом;
  • Жалал-Абад облусу — 6000 сомго чейин;
  • Талас облусу — 4700-6700 сом;
  • Нарын облусу — 2000-4200 сом.

Көмүргө болгон тарифтер 2018-жылдын 16-февралына чейин орнотулду. Жогорулатылган баада катуу отун саткан компанияларга 10 миң сомдон 50 миң сомго чейин штрафтар салынат.

Премьер-министр Сапар Исаков отундун баасы дароо өсүп кеткенине байланыштуу 17-ноябрда көмүргө болгон бааны жөнгө салуу боюнча буйрукка кол койгон.

Экономика министрлиги көмүргө болгон баанын жогорулап кетишинин негизги себеби катары кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйдү жана Казакстандын бийлигинин Кыргызстанга көмүрдүн экспорттолушуна тыюу салганын атаган.

Кыргызстан өзүн көмүр менен болгону 70 пайызга камсыздайт, ошондуктан көмүрдү Казакстандан сатып алат.

Кыргызстандын көптөгөн тургундары көмүрдүн жогорку сапатына карап, Казакстандан сатып алышат.

Көмүрлөрдү ташуу эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык араздашуулардан кийин үзгүлтүккө учурай баштаган.


ТЕМА БОЮНЧА: