Милиция Сокулук РИИБнен качып кеткендердин акыркысын кармады

Милициянын кызматкерлери качып кеткен адамды Чүй облусунун Спартак айлынан табышкан. Жалпысынан милиционерлер качып кеткен төртөөнү колго түшүүрүү менен аларды издөөгө төрт күн убакыт кетиришкен.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, качып кеткендердин акыркысы — Кайрат Жанботоевди — 1-декабрь күнү таңкы саат 4:00дө Чүй облусундагы Москва районунун Спартак айлында кармашкан.

Милиция Сокулук РИИБнин убактылуу камоо жайынан качып кеткендерди төрт күндөн кийин кармашкан.

Качып кеткендер Бакыт Дилдешов менен Рамил Базаркулов 27-ноябрь күнү кечинде кармалып, дагы бирөө Ачылдурдиев Багтият 28-ноябрь күнү кечинде колго түшкөн.

Сокулук РИИБнин бардык жетекчили ээлеген кызматтарынан алынып, ал эми облустун милициясынын жетекчилигине сөгүш жарыяланган.

Прокуратура 28-ноябрда изолятордун эки кызматкерине каршы «Шалаакылык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөө кызматты туура эмес аткаргандыктары үчүн оор кылмыштарга шектелгендер качып кете алышкан деп эсептеген.

Сокулук РИИБнен качуу 27-ноябрда эртең мененки саат 6да болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: