Кыргызстандык кол протездерин жаратуу үчүн 3D-принтер чогултту

Сүрөт: Салтанат Алиева, фейсбук

Кыргызстандык Салтанат Алиева онлайн-дүкөндөрдөн сатып алган тетиктерден 3D-принтер чогултуп, ал менен кол протезин жаратты. Алиева ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берип, 3D-технологияларын терең изилдөө менен алектенүүнү каалайт.

Салтанат Алиева EBay, Amazon, AliExpress онлайн-дүкөндөрү менен жада калса «Дордой» базарынан тектиктерди сатып алып, үч айдын ичинде 3D-принтер чогултту.

«Кыйынчылык Бишкекте 3D-принтерди табуу менен анын баасында болду. MakerBot 3D-принтери абдан жагат, бирок 2500 миң доллар деген баасы эмес. Ошондуктан өзүмдүн биринчи 3D-принтеримди чогултуу чечкем», — деди ал.

Алиева өзүнүн принтерине 600 доллар короткон, кошумча дагы 200 долларды тетиктерди жеткирүүнүн акысы үчүн төлөгөн. Алиева түзмөктү чогултуп буткөн соң, принтерде кол протезинин кошумча элементтерин басып чыгарган.

Анда буга чейин эле протездерди басып чыгаруу тажрыйбасы болгон — ал бул нерсе менен АКШдагы Autodesk компаниясында иштеп жүргөн кезде алектенген.


Келечекте Салтанат Алиева бут протездерин жаратып, 3D-принтерди жасоонун мындан дагы арзан ыкмасын табууну кыялданууда.

«Мен 3D-виртуалдык реалдуулук, 3D-принтерлерлер же башкасы болобу биздин келечек — 3D-технологияларында деп эсептейм. 3D-принтерлеринде адамдын органдарын басып чыгарышууда, мындай технологиялар бизде, биздин кичинекей өлкөбүздө дагы өнүгө берсин», — деди ал.

Салтанат Алиева — TechWomen программасынын бүтүрүүчүсү жана Кыргыз экономикалык университетинин «Колдонмо информатика» кафедрасынын мугалими.


ТЕМА БОЮНЧА: