Чубак Жалилов кайрадан суракка чакырылды

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловду экинчи аял алгандыгы боюнча билдирүүсү менен көп аялдуулукка үндөгөнү үчүн кайрадан милицияга суракка чакырылды.

Жалиловдун адвокаты Акин Токталиев билдиргендей, анын коргоосундагы мурдагы муфтий «бийликтин куугунтугуна кабылып», 4-декабрда кайрадан милицияга суракка чакырылган.

Токталиев «Азаттык» үналгысына курган маегинде Жалиловдун аракеттеринде эч бир мыйзамсыздык жок экенин айткан.

«Кылмыш-жаза кодексине ылайык, эки аялдуулук же көп аялдуулук — бул жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашоо. Ал эми Чубак Жалиловдун аялдары жада калса бири-бирин таанышпайт», — деди ал.

Анын айтымында, көптөгөн аткаминерлер менен ишкерлердин жашырып жүрүшкөн бир нече аялдары бар.

«Көптөгөн мамлекеттик аткаминерлердин, ишкерлердин көмүскөдөгү балдары менен эки, үч, төрт аялдары бар экени эч кимге жашыруун эмес, бардыгы үндөшпөйт жана экинчи аялдар менен алардын балдарынын укуктарын коргоо үчүн мыйзамдаштырууну суранышкан жок», — деп жазган ал өзүнүн фуйсбук барагында.

Алгачкы жолу Жалиловду 3-декабрда суракка алышкан. Анын адвокатынын айтымында, мурдагы муфтий тергөөчүлөрдүн суроолоруна алты сааттай жооп берген.

Жалиловдун чакырыгы

Жалиловдун көп аялдуулукка чакырыгы коомчулуктун бүйүрүн кызыткан. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Жалиловдун сөздөрүнө укуктук баа берилиши үчүн Бишкектин прокуратурасына кайрылган.

Парламенттин үч депутаты көп аялдуулукка каршы пикирлерин билдиришип, Жалилов өздөрүнүн аялдарына карата зомбулук колдонгон же колдонбогонун текшерүүнү суранышкан.

Мындан тышкары, парламенттеги беш фракциянын төртөөсүнүн башчылары билдиришкендей, алардын экинчи аялдары жок жана көп аялдуулукка каршы чыгышууда.

«Албетте, каршымын. Бул жерде бардыгынан дагы маселенин моралдык адеп-ахлак тараптары турат. Мына элестетип көрсөңөр, жаш бала жаш кызга үйлөнүп жатат. Бардыгы жаш, татынакай, бирок кийин колуктусу картайып кетет, анан эмне? Эмне аялың картайып кеткени үчүн эле жаш кызга үйлөнүү керекпи? Анан жашыраак жана дени сак кызга үйлөнүп жаткан учурда ал аялдын көзүнө кантип карайсың? Кантип өз балдарыңдын көзүн карайсың? Бул деген маскаралоочулук», — деди КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, көп аялдуулук үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Ал эми мурдагы муфтий өзүнө каршы сотко бере ала турган жалгыз адам — бул анын биринчи аялы экенин айткан.

Диний ишмер көп аялдуулуктан мыйзам бузууларды көргөн эмес жана «буга туура карап», көп аялдуулар ыраазы болуулары керек деп эсептейт.

«Мен [аялдары көп] аткаминерлерди санап бере алам. Алар салттарды колдогон адамдар. Биз аларга ыраазы болушубуз керек. Жада калса бардыгына ордендерди беришибиз керек», — деген Жалилов.


ТЕМА БОЮНЧА: