Кыргызстандын чек ара кызматы: Кыргыз-казак чек арасында тыгындар жок

Кыргызстандын чек ара кызматы билдиргендей, казак чек арачылары мурдагыдай иштөө тартибине өтүшүп, чек арада жүктүү унаалардын тыгындары жоголгон. Кырдаал эки өкмөттүн ортосундагы «жол картага» кол коюлгандан кийин жакшырган.

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматына ылайык, казак чек арачылары 3-декабрда күчөтүлгөн тартипте иштөө мөөнөтүнөн кадимкидей мөөнөттө иштөөгө өтүшкөн, ошондуктан бардык көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде тыгындар менен кезектер жоголгон.

Чек арадагы кырдаал 2-декабрда эки мамлекеттин өкмөттөрү «жол картага» кол коюшкандан кийин жакшыра баштаган.

Документ чек ара, транспорт жана ветеринардык көзөмөл маселелерин чечүү боюнча чараларды камтыган 50 иш-чарадан турат.

Тараптар келишимге 30-декабрда Минскте Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин кол коюшту.


ТЕМА БОЮНЧА: