Марат Мураталиев Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Премьер-министр Сапар Исаков Марат Мураталиевди Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындады. Буга чейин бул кызматты Таластагы митингдерден кийин вице-премьер-министрлик кызматка чейин көтөрүлгөн Дайыр Кенекеев аркалап турган.

Исаков Мураталиевди Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү кылып дайындоо боюнча буйрукка 4-декабрда кол койду.

«Аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн аппаратынын жамаатына жаңы жетекчини Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев тааныштырды», — деп билдиришти өкмөттүн басма сөз кызматынан.

Буга чейин Мураталиев Талас облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчилик кызматын аркалаган жана Талас шаардык кеңешинин депутаты болгон.

Мураталиевге чейин иштеген Дайыр Кенекеевди октябрдын аягында вице-премьер-министрлик кызматка көтөрүшкөн.

Таластагы митинг

Кенекеев 16-октябрда президенттик кызмат үчүн шайлоодо утулуп калган талапкер Өмүрбек Бабановдун колдоосуна митингге чыгышкан таластыктардын алдына баргандан кийин кызматтан көтөрүлгөн.

Митингде Кенекеев «Манас» эпосундагы саптарды окуп берүү менен чогулгандарды тынчтаныргысы келген.

Бирок митингчилер аны угуудан баш тартышып, эпосту бир гана манасчы окушу керек деп билдиришкен.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 18-октябрда Кенекеевге эпостун саптарын окутпай коюшкан таластыктар үчүн ага «уят» болгонун билдирген.

Ошондой эле, Атамбаев Кенекеевди Таластагы митингчилерди тарап кетүүгө чакырганы үчүн мактап, аны «Манастын урпагы» деп атаган.

Ошондойн кийин таластыктар президенттен кечирим суроону талап кылышып, үч жолу митингге чыгышкан.

Анда президенттик аппараттын башчысы Алмаз Үсөнов Атамбаев Таластагы митингчилердин алдында кечирим сурабастыгын билдирген, анткени «ал туура айткан». Анын айтымында, таластыктар «Манас» эпосун угуудан баш тартып, катачылык кетиришкендерин моюндарына алышуулары керек.


ТЕМА БОЮНЧА: