«Видео монтаждалган»: Баланы тепкен адам күнөөсүн мойнуна албай жатат

Сүрөт: Акипресс

Эки жашар баласын тепкендиги үчүн кармалган адам милициядагы суракта видеодогу окуя «монтаждалган» деп билдирди.

Бишкек ШИИБдин басма сөз катчысы Адыл Оморов «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, шектүү күнөөсүн мойнуна албай, видео «монтаждалган» деп айтууда.

«Ал ошол күнү баласы менен кошо дүкөнгө чыгып, бала оюнга берилип үйгө баргысы келбей жаткан деп билдирүүдө. Ошондой эле, ал видео монтаждалган деп айтууда», — деди Оморов.

Шектүүнүн көрсөтмөсүнө ылайык, ал өзүнүн эки жашар баласын тепкен эмес.

Ал адам убактылуу кармоо жайына камалып, тергөө жүрүүдө. Сот азырынча кармалган адамды жазага тартуу боюнча чечим кабыл ала элек.

Кармалган адам Сокулук райондук Мамлекеттик каттоо кызматынын начальнигинин орун басарлык кызматын аркалап турган. МККнын башчысы Дастан Догоевдин айтымында, бул окуядан кийин баласын тепкен адам жумуштан алынмакчы.

Кичинекей баланы ичке тепкен адамды 2-декабрда кармашкан. Кармалганга каршы «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, кичинекей баланын денеси кокустаган. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, баланын апасы жолдошун аталык укуктан ажыратууну суранган.


ТЕМА БОЮНЧА: