Бишкектин хоккей боюнча өспүрүмдөр курамасы АКШдагы турнирде жеңишке жетишишти

Бишкектин жаш хоккейчилери Barrington Ice Arena 2017 эл аралык турниринин алтынын жеңип алышты. Финалдык матчта кыргызстандыктар Чикагонун Ice Dogs клубу менен жолугушуп, буллиттердин сериясында жеңишке жетишишкен.

9 жаштан улуу эмес Бишкектин оюнчуларынын курамасы турнирде төрт жолугушуу өткөргөн.

Биринчи матчта кыргызстандыктар Ice Dogs 2 командасына 7:2 эсеп менен утулуп калышкан. Экинчи жолугушууда Бишкектин курамасы Чикаголоук атаандаштарын 9:3 эсебинде жеңишкен.

Кыргызстандыктар турнирдин финалына чыгуу таймашында Evelance Chicago клубунун хоккейчилери менен жолугушуп, аларды 12:2 эсебинде жеңишкен. Турнирдин алтыны үчүн таймашта аларды Ice Dogs командасынын биринчи курамы күтүп турган.

Жолугушуунун негизги убактысы 5:5 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, командалар кубоктун тагдырын Бишкектик команда 8:7 эсебинде күчтүүлүк көрсөтө алган матчтан кийинки буллиттердин сериясында чечишкен.

Турнирде жаш кыргызстандыктарды Чикагодо жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү колдошкон.

Ошондой эле турнирге АКШ, Канада жана Орусиянын командалары катышышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: