Миң-Кушта тургундар үч күндөн бери көмүрчүлөргө каршы митингге чыгышууда

Сүрөт: Turmush

Нарын облусундагы Миң-Куш айлынын тургундары үч күндөн бери көмүр казган компаниялар экологияга зыян тийгизип жатышканы үчүн митингге чыгышууда. Бийлик экологияга зыян тийгизилген же тийгизибегенин аныктай турган комиссия түзүүнү убада кылды.

Каршылык акциясына чыккан 50дөн ашуун жашоочулар көмүр кендерин иштетүүгө тыюу салууну талап кылышууда. Алар кен казуучулар экологияга зыян тийгизишүүдө деп эсептешет.

Мындан тышкары, тургундар айылдын жолдорун оңдоп, жүктүү унааларды колдонууга тыюу салууну суранышууда.

Өкмөттүк аппараттын аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматына ылайык, митингдин катышуучуларына Жумгал районунун акими Адыл Сапаров жолуккан.

Бийлик айлана чөйрөнү коргоо боюнча мекемелер менен ӨКМдин өкүлдөрү кирген комиссия түзүп, чындыгында эле экологияга зыян тийгизип-тийгизбегенин текшерүүнү убада кылды.

Миң-Кушта көмүр казуу менен бир нече компания алектенет, анын ичинде кытай ишканалары менен биргеликте иштегендер бар.

Миң-Куш айылы деңиз деңгээлинен 2000 миң метр бийиктикте жайгашкан. Совет доорунда ал жакта уран өндүрүлүп турган. Советтер биримдиги кулагандан кийин ишкана жабылып, көптөгөн тургундар жумуштун жоктугунан улам Миң-Куштан кетип калышкан. Учурда ал жакта 3,5 миңге жакын адам жашайт.


ТЕМА БОЮНЧА: