Айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттик агенттиги активистти сотко берет

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Абдыкалык Рустамов билдиргендей, жалганчылык үчүн активист Влад Ушаковду сотко бермекчи. Буга чейин Ушаков Ысык-Көлдөгү Жууку капчыгайында Тянь-Шань карагайлары мыйзамсыз кыйылып жатканын билдирген.

Рустамов 7-октябрда, басма сөз жыйынында маалымдагандай жалганчылык үчүн Ушаковду «жеке өзү» сотко берет. Рустамов «Клооптун» кабарчысына курган маегинде, активист бактардын мыйзамсыз кыйылышы боюнча «бир нече жолу жалган маалымат берген» деп айтты.

«Жергиликтүү бийлик органдары, Масэкотехинспекция, Каржы полициясы ал жерге чыгып кетишти. Факттар тастыкталган жок. Бул Влад Ушаков мындай сыяктуу сүрөттөрдү жарыя кылган биринчи эле учур эмес», — деди Рустамов.

Рустамов активист айрым учурларда бир нече жыл мурун тартылган сүрөттөрдү чындык катары көрсөтүүдө деп кошумчалады.

Активист Влад Ушаков «Клооптун» кабарчысына курган маегинде болушу мүмкүн делген сот жөнүндө эч нерсе билбестигин айтты.

«Эгерде алар менин оюмду уккулары келсе, алар мени басма сөз жыйынына чакырышмак. […] Мен айыптоолорду уккан жокмун, мага эч ким кайрылган эмес», — деди Ушаков.

Активист Рустамовдун ал бир нече жыл мурда тартылган сүрөттөрдү жарыя кылды деген сөздөрүн «болбогон кеп» деп атады.

«Мен ошол капчыгайдагы сүрөттөрдү көрсөтө алам жана алар чындыгында эле 2-декабрда тартылган. […] Кыюу фактысы болгон, жумуру жыгачтар жөндөн-жөн эле пайда болуп калмак эмес», — деди Влад Ушаков.

Премьер-министр Сапар Исаков 5-декабрда Жууку капчыгайында карагайларды мыйзамсыз кыйып жаткандарга карата «эң катаал чараларды» көрүүнү буйруган. Исаковдун буйрук берүүсүнө өзүнүн фейсбугунда кыйылган бактардын сүрөттөрүн жарыялаган активист Влад Ушаковдун кайрылуусу себеп болгон.

Ошол эле күнү милиционерлер менен токой-чарба кызматынын жумушчулары токойдун белгиленген аймактарын текшерип чыгышып, бактардын уруксатсыз кыйылган учурларын аныкташкан эмес.

Ысык-Көл облусундагы Жууку капчыгайы өзгөчө кайтарууга алынган жаратылыш комплекси болуп эсептелет. Ал жакта токойлорду кыюуга, айбанаттарга аңчылык кылууга жана жеке турак жайларды курууга тыюу салынган.


ТЕМА БОЮНЧА: