Шадиев биринчи вице-премьер-министрлик кызматка бекитилди

Аскарбек Шадиев

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бир Бол» партиясынын депутаты Аскарбек Шадиевди биринчи вице-премьер-министрлик кызматка дайындоо боюнча жарлыкка кол койду. Шадиев депутаттык мандатын сактап калып, вице-премьер-министрликке өткөн биринчи аткаминер болуп калды.

Президент Шадиевди вице-премьер-министрлик кызматка дайындоо боюнча жарлыкка 7-декабрда кол койду. Мурдараак парламентте Шадиевдин талапкерлиги жактырылган.

Шадиевдин талапкерлигин биринчи вице-премьер-министрлик кызматына кароого премьер-министр Сапар Исаков көрсөткөн. Ал Шадиев биринчи вице-премьер-министрлик кызматын алып кете алат деп «кепилдик» берген.

«Аскарбек Шадиев парламент менен окмөттүн ортосунда жакшы иш жүргүзөт деп ойлойм. Ал бардык отун-энергетикалык маселелерди карайт. Ал аларды жакшы билет. Мен, ал бул кызматты алып кете алат деп кепилдик бере алам», — деп билдирген Исаков.

1-декабрдан баштап күчүнө кирген Конституциянын өзгөртүүлөрүнө ылайык, Шадиев биринчи вице-премьер-министрлик кызматта иштөө менен депутаттык мандатын дагы сактап кала алат. Мындан тышкары, ал мыйзам долбоорлоруна добуш бере алат.

Мурдараак биринчи вице-премьер-министрлик кызматты Толкунбек Абадыгулов ээлеп турган, бирок 21-ноябрда аны кызматтан алынган Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна вице-премьер-министрлик кызматына бекитишкен.

Аскарбек Шадиев жумушун 2000-жылы парламенттен баштаган. Ал 2003-2005-жылдар аралыгында Баткен облусунун губернаторлук кызматын аркалап, ошондой эле, 2007-жылы парламенттин депутаты болгон. Ал эми 2010-2011-жылдары Кыргызстандын энергетика министри болуп, 2015-жылдан тартка кайрадан парламенттин депутаты болуп калган.


ТЕМА БОЮНЧА: