Өзбекстан Ош шаарына мектеп курат

Мектептин курулушу. Иллюстративдик сүрөт

Парламент Өзбекстандын каражатына 630 орундуу мектептин курулушун жактырды. Курулуш бүткөндө мектепти акысыз түрдө Кыргызстанга өткөрүп беришет.

Кыргызстан менен Өзбекстан 630 орундуу мектептин курулушу боюнча келишимге 2017-жылдын 28-июлунда кол коюшкан.

Кыргыз бийлиги мектептин курулушу үчүн аянты 1,15 га жер тилкесин бөлүп беришти. Окуу жайынын имараты үч корпустан турат.

Келишим куруучулардын көпчүлүгү Өзбекстандан болушун шарттайт. Мындан тышкары, өзбек тарап курулуш иштери үчүн өзүнүн техникасы менен материалдарын колдонот.

Мектепти кийинки окуу жылынын башталышына чейин бүтүрүүнү пландап жатышат.

Курулуш иштери аяктагандан кийин мектептин имараты акысыз түрдө Кыргызстандын менчигине өткөрүлөт.

Эми келишимге президент Сооронбай Жээнбеков кол коюшу керек.

ТЕМА БОЮНЧА: