Бишкекте коммуналдык кызматтарга бирдиктүү эсеп-дүмүрчөктөр жөнөтүлө баштады

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы коммуналдык кызматтарга бирдиктүү эсеп-дүмүрчөктөрүн иштеп чыкты. Азырынча мындай квитанция менен төлөмдөрдү Бишкектин 5-кичи районунун тургундары жүргүзө алышат.

«Кыргыз почтасы» 7-декабрдан тарта Бишкектин 5-кичи районунун тургундарына бардык коммуналдык тейлөөнүн төлөмдөрү камтылган бирдиктүү квитанцияны жөнөтө баштады. Аталган кичи райондун 5 миң абоненти бар.

Коммуналдык кызматтардын бирдиктүү бланкы

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, мындай дүмүрчөк абоненттерге ыңгайлуу болушу үчүн иштелип чыккан.

«Эми жарандар бардык квитанцияларды бир учурда төлөө үчүн алардын өзүнчө алып келинишин күтүп отурушпайт», — деп айтылат ишкананын билдирмесинде.

Бирдиктүү эсеп-дүмүрчөк таштанды чыгаруу, газ, муздак жана жылуу суу, жарык жана үй коңгуроо төлөмдөрүн камтыйт.

Жаңы түзүлүштү тестирлөө иштери 2018-жылдын биринчи апрелине чейин уланат. Эгерде жыйынтыктар ийгиликтүү болсо, мындай дүмүрчөктөр жалпы Бишкек шаары боюнча киргизилет.