Криштиану Роналду бешинчи жолу «Алтын топту» утту

France Football басылмасы Криштиану Роналдуну жылдын оюнчусу деп тапты. Оюнчу сыйлыкты бешинчи жолу алып жатат. Бул көрсөткүчү менен ал бразилиялык футболчу Лионель Мессиге теңдешти.

Роналду France Footballдун «Алтын тобун» катары менен экинчи жолу жана карьерасында бешинчи жолу (2008, 2013, 2014, 2016, 2017) алып жатат. Спорт журналисттеринин добуш берүүсүнүн жыйынтыгында, ал «Барселонадагы» Лионель Месси жана ПСЖдагы Неймардан алдыга озуп чыккан.

Футболчу 2016/17 сезонунда «Реалдын» курамы менен Чемпиондор лигасын жана Испания чемпионатын жеңген.

Падышалык клубдун чабуулчусу октябрда Леонель Месси менен ат салышып, ФИФАнын «The Best» сыйлыгын алган.

Роналду алгачкы «Алтын топту» 2008-жылы, Англиянын «Манчестер Юнайтед» клубун коргоп жүргөн учурда алган. Андан соң төрт жылы катары менен көксөгөн олжо Леонель Мессиге буюрган.

Ушул учурга чейин аргентиналык футболчу «Алтын топту» рекорддук көрсөткүчтө, беш жолу алган тарыхтагы жалгыз оюнчу болчу.

Он жылдан берки элдешкис атаандаштар оппоненттерине футболдогу негизги сыйлыкты алуу мүмкүнчүлүгүн калтырбай келе жатышат.

Бул жылы «Алтын топтун» талапкерлеринин кыска тизмеси 30 кишиге жеткен. Роналду менен Мессиден кийинки орунду ПСЖнын чабуулчусу Неймар ээлеген. Андан кийинки катарда «Ювентустун» көп жылдык дарбазачысы Жанлуижи Буффон ээлесе, «реалчы» Лука Модрич бешинчи орунду бекитти.

Жетинчи орундагы Килиан Мбаппе «Алтын топтун» алдыңкы отуз талапкеринин катарына илинген тарыхтагы эң жаш футболчу болуп калды. ПСЖнын чабуулчусу болгону 18 жашта.

«Алтын топ» 2010-жылдан 2015-жылга чейин ФИФА жана France Football басылмасы менен биргеликте тапшырылчу. 2016-жылдын сентябрында Эл аралык футбол федерациясынын француз журналы менен кызматташуусу соңуна чыкканы белгилүү болгон.

Эми 2010-жылга чейин болуп келгендей, өз-өзүнчө тапшырыла турган эки сыйлык бар.


ТЕМА БОЮНЧА: