Орусияда жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза болду

Самара облусунун Оренбург шаарында жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза тапты. Дагы эки киши — жаш бала менен аял — оор жаракат менен бейтапканага жеткирилди.

Жол кырсыгы Оренбург шаарынан алыс эмес жерде 7-декабрда таңкы саат 5те болгон.

Кырсыкта эки кыргызстандык жеринде каза болуп, төрт жаштагы бала менен аял оор жаракат алып бейтапканага жеткирилген. Жаш балага операция жасалды. Жаракат алгандар да кыргызстандын жарандары.

Самара облусу боюнча ИИМнин басма сөз кызматы билдиргендей, «Урал» жүк ташуучу унаасы кыргызстандыктар бара жаткан «Вольво» үлгүсүндөгү машинаны сүзгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, «Урал» унаасынын айдоочусу жолдун каршы тилкесине чыгып кеткен. Ал да бейтапканага жаткырылган.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Самарадагы кыргыз диаспоралары менен биргеликте жол кырсыгынан каза тапкандардын денесин мекенине жеткирүүгө даярдык көрүшүүдө.


ТЕМА БОЮНЧА: