Театр жана кино актеру Марат Козукеев дүйнө салды

Узакка созулган оорудан улам 47 жаш курагында кыргыз театры жана киносунун актеру Марат Козукеев дүйнө салды.

Актердун кесиптеши жана досу Жолдошбек Жанжигит уулу билдиргендей, Марат Козукеев кант диабети менен ооруп жүрүп, 9-декабрга караган түнү кайтыш болгон.

«Жумуштан үйүнө кечинде келип, жуунуп чыгып эле жыгылыптыр. Тез жардам келгиче эле өтүп кеткен экен», — деди Жанжигит уулу «Спутник» басылмасына курган маегинде.

Достору менен бир туугандары артистти акыркы сапарга узатуу зыйнатын анын Чүй облусунун Панфилов районундагы кичи мекени Эркин-Сай айлында өткөрүшөт.

Козукеев театрдын сахнасында ойноо менен бирге «Кокуй кошуна», «Гаишник» сыяктуу тасмаларда роль жараткан.

Ошондой эле, ал Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси жана режиссеру болгон.

Акыркы жолу Козукеев Чыңгыз Айтматовдун «Кош Гүлсарат» чыгармасынын негизинде спектакль койгон.

Сүрөт: Бактыгул Чотурова

Козукеевди «жаңы муундун режиссеру» деп аташып, ал эми анын койгон спектаклдери мисалы — скифтердин ханышасына арналган «Тумар ханыша» байгелерине татыган.