Депортацияланган журналист Кыргызстанга кайтуу укугу үчүн күрөшөт

«Франс-Пресс» басылмасынын журналисти Крис Риклтон Кыргызстанга кайтуу аккредитациясы үчүн күрөшөт. Учурда ал Дубайда. Ага өлкөгө кирүүгө «виза режимдерин бузуу» үчүн тыюу салынган.

Риклтондун кесиптеши Толкун Наматбаева «Клооптун» кабарчысына курган маегинде билдиргендей, чет элдик журналист Кыргызстанга кайтуу үчүн күрөшөт.

«Ал өзү үчүн жакын болуп калган өлкөгө кирүү максатында аккредитация үчүн күрөшөт. […] Бул андан көз каранды эмес, бул биздин бийликтен көз каранды», — деди ал.

Ошондой эле, ал журналистти 10-декабрда Дубайга депортация кылышканын кошумчалады. «Учурда ал ошол жакта. 12-декабрда ал Алматыга "Франс-Пресстин" Казакстандагы аймактык кеңсесине учуп кетет», — деди Наматбаева.

Риклтон Дубайдан 9-декабрь күнү учуп келгенде ага Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынганын билдирген. Ал өзүнөн өлкөгө кирүүгө тыюу салуу ордерин алып салуу суранычы менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет журналистти Кыргызстанга «виза режимин бузгандыгы» үчүн киргизбей коюшканын түшүндүргөн. Атайын кызматтагылар Риклтон кайсы эрежелерди бузгандыгын тактап беришкен жок.

Британиялык журналист Бишкекте кыргыз жараны болгон колуктусу жана кызы менен 2010-жылдан бери жашап келген.

Риклтон 2015-жылдан тартып эл аралык «Франс-Пресс» агенттигинде эмгектенип келет, ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырып, Борбор Азиядагы Америка университетинде мугалим болуп иштеп жүргөн.