Фарид Ниязов кайрадан президенттин аппарат башчысы болду

Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов. Сүрөт: Султан Досалиев/Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков буга чейин өз кеңешчиси болгон Фарид Ниязовду президенттик аппараттын башчысы кылып дайындады. Ниязов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда дагы президенттик администрацияны башкарып турган.

Жээнбеков Ниязовду президенттик аппараттын башчылык кызматына дайындоо боюнча жарлыкка 11-декабрда кол койду. Ниязовго чейин бул кызматты Алмаз Үсөнов ээлеп турган — ал өз каалоосу менен жумуштан кетүү арызын берген.

Ошондой эле, аппарат жетекчисинин орун басары болгон Элвира Сариева ээлеген кызматынан бошотулду. Анын ордуна бул кызматка Алманбет Салиев дайындалды.

Жээнбеков декабрдын башында Ниязовду өзүнүн кеңешчиси кызматына дайындаган. Учурда Ниязовдун ордуна бул кызматка Асылбек Кожобеков бекитилди.

Президенттик шайлоо учурунда Ниязов Жээнбековдун штабын жетектеген.

Фарида Ниязовдун кызматтык жолу

Биринчи президент Аскар Акаевдин учурунда Ниязов Тышкы иштер министрлигинин иш башкармасы жана ошондой эле, вице-премьер-министрдин жардамчысы болуп иштеген. Кийинчерээк ал президенттин басма сөз кызматын жетектей баштаган.

Курманбек Бакиевдин башкаруусу учурунда Ниязов эч кандай кызматтарды ээлеген эмес, бирок саясатка 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин кайтып келип, Убактылуу өкмөттүн маалымат-координациялык аппаратынын жетектей баштаган.

Ниязов 2011-жылдагы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин шайлоо алдындагы штабын жетектеген.

Атамбаевдин жеңишинен кийин президенттин кеңешчиси болуп дайындалып, ал кызматта 2011-2015-жылдарга чейин иштеген.

Ал 2015-жылдын октябрь айында президенттик аппаратты жетектей баштап, кийинчерээк президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалгандан кийин бул кызматтан кеткен.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрында мурдагы президент Атамбаев Ниязовду «жакшы увазир» деп атап, аны «Кыргызстандын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн» II даражадагы «Манас» ордени менен сыйлаган. Анын айтымында, Ниязов бул сыйлыкка «татыктуу» болгон.


ТЕМА БОЮНЧА: