Милиция катышкан жол кырсыгы: «Мазданын» жүргүнчүлөрү эки айга тергөө изоляторуна камалды

Милиция Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) авто унаасы сүзүп алган машинанын үч жүргүнчүсүн эки айга тергөө изоляторуна камады. Жаш балдар милиционерлер менен кайым айтышышып, алардын машинасындагы видеорегистраторлорду тартып алышкан. Экспертиза балдар мас абалында болушканын көрсөткөн.

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдиргендей, үч бала Свердлов райондук сотунун чечимине ылайык, эки айга тергөө изоляторуна камалган.

Милициянын машинасы «Мазда» үлгүсүндөгү авто унааны сүзгөн окуя 6-декабрда саат 17:00дө болгон. Милициянын кызматкерлери «Дордой» базарын көздөй кетип бара жатышып, түстүү маякчаларын жана катуу үн чыгаргычтарын күйгүзүп, айдоочуларга жол бошотууга белги беришкен.

Жол кырсыгынан кийин милициянын кызматкерлери «Мазданын» айдоочусун эскпертизага жөнөтүүнү аракет кылышкан, бирок машинанын жүргүнчүлөрү ага тоскоолдук жаратышкан.

Жол кырсыгынын катышуучулары менен милиционерлердин ортосунда кайым айтышуу жаралган. Ошондон кийин алар өздөрүнүн айдоочу досун күч менен бошотуп алууну каалашып, бирок алардын аракети майнапсыз болгон.

Алар кайым айтышууларды токтотпостон патрулдук милициянын кызматтык унаасынын ичинен видеорегистраторду алып чыгып, ичиндеги флеш-картаны сууруп алышкан.

Экспертизанын жыйынтыгы «Мазда» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу жана анын жүргүнчүлөрү мас абалда болушканын көрсөткөн. Милиция кызматкерлеринин канында алкоголдун белгилери табылган эмес. Милиция жол кырсыгынын күнөөкөрлөрүнө карата «Бейбаштык» беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.


ТЕМА БОЮНЧА: