Ошто машина май алмаштыруучу жер күйүп кетти

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы машина майларын алмаштырган жерден кечки саат сегиздерде өрт чыгып, тилсиз жоо үч саатка жакын убакытта чектөөгө алынды. Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрттөн жабыркагандар жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Разаков көчөсүндөгү «Градиент» май алмаштыруучу жайда өрт 11-декабрь күнү кечки сегиздерде башталып, ал тууралуу маалымат саат 21:05те келип түшкөн.

Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча белгисиз. Тилсиз жоо 650-700 чарчы метр аянтты каптаган. Өрттү жалпы жети топ өчүрүп жатат.

Сүрөт: Элвира Акимова
Сүрөт: Элвира Акимова
Сүрөт: Элвира Акимова

ТЕМА БОЮНЧА: