Токмок: Улуттук гвардиянын майору баңгизат сактоо үчүн кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Токмокто милиция «Пантера» спецназ батальонунун штабынын начальнигин баңгизат сактоо үчүн кармады. Аны соттун чечиминин негизинде эки айга тергөө изоляторуна камашты.

Улуттук гвардиянын жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча командиринин жардамчысы Толкун Раимжанов «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, майорду 7-декабрда Токмокто баңгизаттар менен кармашкан.

«Кармалган офицер тергөө аяктаганга чейин №1 ТИЗОдо болот. Ал өзүнүн Токмоктогу үйүндө кармалган», — деди ал.

Анын айтымында, укук коргоо органдарынын кызматкерлери майордун үйүнөн 60 грамм марихуана табышкан. Кармалган «Пантера» спецназ батальонунун штабынын начальниги болгон.

Бул баңгизат сактоо үчүн аскер офицери кармалган биринчи учур эмес. Октябрда кыргыз-казак чек арасында Кыргызстандын кургактагы аскерлеринин подполковниги баңгизаттарды аткез кылуу үчүн кармалган.


ТЕМА БОЮНЧА: