Орусиянын курамасы «Олимпиада-2018де» нейтралдуу желек менен катышат

Орусиялык спортчулар улуттук кураманын четтетилишине карабастан Олимп оюндарына катышуу даярдыгын билдиришти. Атлетчилер таймаштарда бейтарап желек менен чыгышат.

Орусиялык спортчулар улуттук кураманын четтетилгендиги үчүн 2018-жылы өтө турган Олимпиада оюндарын бойкоттошпойт. Алар нейтралдуу желектин астында өз өлкөлөрүн тааныштырып чыгышат деп жазылган Орусиянын Олимп комитетинин сайтында.

«Биз спортто кандайдыр бир бойкотторду колдонбоо боюнча бекем көз карашты карманабыз. Олимпиада оюндары сыяктуу эң негизги спорттук таймашта спортчунун катышуу жана өлкөсүнүн атын таанытуу укугунан ажыратуу орунсуз деп терең ишенебиз», — делет кайрылууда.

Спортчулардын айтымында, алар «өздөрүнүн башка өлкөлөрдөгү кесиптештери менен бирдей эмес шартка коюлуп калгандыктарына карабастан» Олимпиадага барганга даяр.

Орусиянын спортчуларынын Олимп комитетинин комиссиясы улуттук кураманын бейтарап туунун астында чыгуу чечимин колдоду. Комиссиянын башчысы Софья Великаянын айтымында, жада калса Кореядагы оюндарга мамлекеттин символикалары жок болсо деле спортмендер ал жакка Орусиянын атынан барышат.

Ал таймаштарга катыша турган спортчулардын чечимине коомчулуктан түшүнүү менен кабылдоону суранууда.

Мурдараак президент Путин Оюндарга катышуу үчүн мындай каалоосун билдирген спортчуларга мамлекет тоосколдук кылбастыгын айткан.