Күндүн сүрөтү: Сулайман тоо жылдын ар кайсы мезгилдеринде

Ош шаарындагы Сулайман тоо күздө, кышта, жазда жана жай мезгилинде тартылган. Фотосүрөттөрдүн автору — Ош шаарындагы түрк лицейинде физика сабагынан берген мугалим Зафер Динчер.

Сулайман тоо жергиликтүү калк тарабынан ыйык деп эсептелип, аталышы «Сулайман падышанын тагы» деп чечмеленет. Тоонун аймагында орто кылымдарда салынган бир нече мечит жана Асаф ибн Бурхиянын мавзолейи бар. Уламыштарга караганда, ал Сулайман падышанын жакын тилектеши болгон. Бул тоо ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Кыргызстандан кирген эң биринчи эстелик болуп калган. Дүйнөлүк тизмеге Сулайман тоо 2009-жылы киргизилген.