ТИМ чет элдик журналисттин Кыргызстанга киргизилбегенин тактап жатат

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги башка кыргыз мекемелеринен «Франс-Пресстин» журналисти Крис Риклтонго эмне үчүн өлкөгө кирүүгө тыюу салынганы боюнча маалыматты сурап жатат.

ТИМ азырынча эмне үчүн Риклтонду Кыргызстанга киргизбей коюшканын билбейт — мекеме башка кыргыз маморгандарынан маалыматтарды аныктап жатат. Мурдараак атайын кызматтар журналист «виза режимин бузганын» айтышып, бирок кененирээк маалымат беришкен эмес.

Аталган министрлик Риклтон Кыргызстанда журналист катары аккредитациядан өтпөгөнүн жана анын эл аралык «Франс-Пресс» агенттигинен берилген билдирмеси дагы эле кароодо экенин кошумчалады.

«"Франс-Пресс" агенттигинин Борбор Азиядагы өкүлчүлүгүнүн анын аккредитациясы боюнча билдирмеси кароодо жатат. Аккредитацияны өткөрүү боюнча процедурасына комментарий берилбейт», — деп билдирди ТИМ.

Риклтон өзү дагы Кыргызстанда журналисттик ишмердик үчүн узак мөөнөттүү аккредитация алууга аракет кылганын айткан. Бирок ага аккредитация берүүдөн баш тартышып, эки жолу ал УКМКда суракка алынган.


ТЕМА БОЮНЧА: