Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрирдин» жети мүчөсүнө кылмыш иши козголду

Сүрөт: ИИМнин маалымат кызматы

Жалал-Абад облустук милициясы «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун жети мүчөсүн колго түшүрдү. Кармалгандарга карата «экстремисттик маанайдагы материалдарды жайылтуу» фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, Жалал-Абад облусунда түрдүү кылмыштардын бетин ачуу иш чарасы өткөрүлүп, облустун ар кайсы аймактарынан жалпысынан жети жаран кармалган.

«Иш-чара 11-декабрда жалпы облус аймагында УКМК жана ИИМ кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн. Жети адам ар кайсы аймактагы жети үйдөн кармалган. Анын ичинде Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун жарандары бар», — деп билдирди Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков.

Укук коргоо органынан кабарлашкандай, кармалгандардын үйлөрүнөн тыюу салынган экстремиcттик топторго таандык аудио, видеоматериалдар, мыйзамсыз сакталган жардыргыч заттар табылган. Алар 11-декабрь күнү Жалал-Абад облусундагы убактылуу кармоочу жайлардын бирине камалган.

Айыпталуучуларга каршы «Экстремисттик маанайдагы материалдарды даярдоо, жайылтуу жана террористтик уюмдардын атрибуттарын билип туруп колдонуу» жана «Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда Жалал-Абад облустук ИИБи тергөө амалдарын жүргүзүүдө.  

«Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» — 1953-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген эл аралык ислам саясий партиясы. Анын расмий максаттары катары ислам мамлекетин жана «адилеттүү ислам жашоо образын калбына келтирүү» көрсөтүлгөн.

Кыргызстанда бул уюм радикалдуу экстремисттик деп табылып, анын ишмердүүлүгүнө расмий түрдө тыюу салынган.


ТЕМА БОЮНЧА: